БШКнын башчысы КМШнын Аткаруу комитетинин Миссиясы менен жолугушту
01 октября 2020
Бүгүн, 2020-жылдын 1-октябрында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Н.Шайлдабекова В.Гуминский баштаган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетинин Миссиясынын өкүлдөрү менен жолугушту.
«Миссия шайлоо өнөктүгүнө байкоо жүргүзүүнү 2020-жылдын 14-сентябрында баштаган, шайлоо процессине жана мамлекеттин ички ишине кийлигишпестен өз функцияларын аткарат. Миссия ачык жана айкын иштейт, анын ишмердүүлүгү басма сөздө чагылдырылып, жаңылыктар боюнча репортаждар жарыяланып турат. Республикада шайлоого эл аралык байкоо жүргүзүү үчүн зарыл шарттар түзүлгөн”, - деди В.Гуминский.
КМШ миссиясы Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы 2015-жылдагы парламенттик шайлоодон кийин бир топ өркүндөтүлгөндүгүн белгиледи.
“2017, 2019 жана 2020-жылдары парламенттик шайлоону өткөрүүнү жөнгө салган жоболорго шайлоо босогосун 9 пайыздан 7 пайызга чейин төмөндөтүү, ошондой эле административдик ресурстарды кыянаттык менен пайдалангандыгы жана үгүт өнөктүгү учурунда шайлоочулардын добушун сатып алуу үчүн санкциялардын күчөтүлүшүнө байланыштуу түзөтүүлөр киргизилген. Депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө аялдардын катышуусун камсыз кылуу жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча чаралар көрүлгөн», - деп белгиледи миссиянын башчысы.
Жолугушууда, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча иш-чаралар, анын ичинде добуш берүүчү жайларга, ошондой эле үгүт иш-чараларынын жүрүшүндө саясий партияларга карата атайын талаптар каралгандыгы айтылды. Тактап айтканда, шайлоого катышкан партиялар үгүт материалдарынын жок дегенде бир пайызын сурдокотормо, окууга оңой типтеги чоңойтулган шрифт менен басылган, ошондой эле Брайль шрифти же башка атайын каражаттарды колдонуу менен басып чыгарууга жана жайылтууга милдеттүү.
Шайлоонун узак мөөнөттүү мониторингинин алкагында Миссиянын мүчөлөрү Жалал-Абад, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын иши менен таанышты.
Эпидемиялык оор кырдаалды эске алып, шайлоо өнөктүгү негизинен жалпыга маалымдоо каражаттары, интернет-басылмалары, социалдык тармактар аркылуу, ошондой эле басылма жана башка үгүт материалдарын чыгаруу жана жайылтуу аркылуу жүргүзүлдү. Партиялар үймө-үй кыдыруу, митингдерди жана жолугушууларды өткөрүүнү азыраак колдонушту.
КМШ байкоочулары БШКнын жыйындарына катышып жатып, Боршайкомдун ишиндеги коллегиалдуулуктун жана ачыктыктын, каралып жаткан маселелердин ачык талкууланышын белгилешти.
Миссиянын маалыматына ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого даярдануу жана өткөрүү боюнча зарыл чараларды көрүп жатат. Миссия шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүнө байкоо жүргүзүүнү улантууда жана шайлоонун жүрүшүнө карата жыйынтык корутундусун жана бааларын корутунду документте көрсөтмөкчү.
КР БШК маалымат бөлүмү
