БШК башчысы Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин миссиясы менен жолукту
01 октября 2020
Бүгүн – 2020-жылы 1-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Төрагасы Н.Шайлдабекованын Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин делегация башчысы, ТМККнын Башкы катчысы Г. Гозалов менен жолугушуусу болуп өттү.
Миссия башчысы Кыргызстандагы шайлоолорго бир нече жолу байкоочу болгонун белгилеп, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого чакырганы үчүн Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына ыраазычылыгын билдирди.
Н. Шайлдабекова 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Анын айтымында, бул парламенттик шайлоо 2021-жылдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоону жана 2023-жылдагы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өзүнө камтыган шайлоо процессиндеги жаңы циклди ачат.
“Шайлоо тутумун реформалоо алкагында 2015-жылдан тартып шайлоо жаңы шайлоо моделин колдонуу менен өткөрүлүүдө. Мындан мурдагы шайлоодон баштап, эки жаңы компонент – шайлоочуларды биометрикалык каттоо жана добуштарды автоматтык түрдө саноо киргизилди”,- деди ал.
Н. Шайлдабекова эпидемиянын жайылышына жол бербөө максатында социалдык аралыкты сактоону камтыган санитардык-эпидемиологиялык коопсуздуктун зарыл чаралары колдонураарын айтып берди.
“Алгоритм иштелип чыкты, ага ылайык добуш берүү күнү участокко кире бериште контактысыз температуралык контроль уюштурулат. Участкалык шайлоо комиссияларынын бардык мүчөлөрү жана шайлоочулар жеке коргоо каражаттары (беткап, колкап) менен камсыздалат. Атайын чийин-көрсөткүчтөр добуш берүүнүн катышуучуларына контактысыз басып жүрүүнү жана социалдык аралыкты сактоону камсыздоого жардам берет. Жугузуп алуу коркунучун болтурбай коюу үчүн добуш берүүчү орун-жайларда дайыма санитардык иштеп чыгуу ишке ашырылып турат. Өздөрүнүн жигердүү шайлоо укугун жүзөгө ашырууну каалаган обсервацияда жүргөн адамдар, оорунун белгилери бар же оорулуулар менен байланышта болгон шайлоочулар 2020-жылдын 2-октябрына чейинки мөөнөттө 2020-жылдын 3-октябрында добуш берүү үчүн орун-жайдан тышкары – үйдө добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү жөнүндө арыз менен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына кайрылуулары керек”, - деп айтты КР БШК башчысы.
БШК башчысы иденттештирүү боюнча жабдыкка акча бөлүп берген Түркия элчилигине ыракматын айтып, парламенттик шайлоону даярдоодо эл аралык уюмдардын чоң салымын белгиледи. Ошондой эле Япония, Германия жана Швейцария техникалык көмөк көрсөттү. “Бул колдоодон биздин тутумга ишеничти көрүүгө болот”, - деп белгиледи БШК Төрагасы.
ТМККнын Башкы катчысы Г. Гозалов шайлоону даярдоо боюнча кеңири маалымат берилгени үчүн ыраазычылыгын билдирди.
“Мурда биздин миссия үч топко бөлүнүп, аймактарга баруучу, бул жолу баарыбыз Бишкекте калалы деген чечимге келдик”.
Г. Гозалов шайлоону өткөрүүдө ийгилик каалап, жолугушуу үчүн ыраазычылыгын айтты.
КР БШК маалымат бөлүмү
