“Мекеним Кыргызстан” партиясы шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн алмаштырды

30 сентября 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 30-сентябрындагы жыйналышында КР БШКнын 2020-жылдын 2-сентябрындагы №101 чечими менен катталган “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынан Токтакунова Таалайкүл Аскаралиевнанын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары каттоосун жокко чыгаруу жана “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынан шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Токтакунова Таалайкүл Аскаралиевнага берилген №107 каттоо күбөлүгүн анык эмес деп таануу чечимин кабыл алды.

БШК 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо ушул чечим күчүнө кирген учурдан тартып “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынан шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Мамытов Нурбек Закирбаевичти каттоону чечти.

Чечим “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесине, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерине ылайык кабыл алынды.

КР БШК маалымат бөлүмү