А.Т. Жапаров Бостери айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды

30 сентября 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 30-сентябрындагы жыйналышында Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Бостери айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгын жана шайлоонун натыйжаларын бекитүү чечимин кабыл алды.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 7-сентябрындагы №205 токтому менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Бостери айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2020-жылы 25-сентябрда болуп өттү.

Бостери айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна жергиликтүү кеңештин депутаттары көрсөткөн 2 талапкер – Жапаров Айбек Тилекович менен Сопуев Курманбек Момунбаевич катталган. Добуш берүүдө А.Т. Жапаров 11 добуш, К.М. Сопуев 10 добуш алган, “бардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн добуш берилген эмес.

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Бостери айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжасы боюнча арыз, даттануулар түшкөн эмес.

Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынан келип түшкөн Бостери айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжалары тууралу протоколдордун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык КР БШК Жапаров Айбек Тилековичти Бостери айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп таануу токтомун кабыл алды.

КР БШК маалымат бөлүмү