2020–ж. 30-сентябрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
30 сентября 2020
Өткөрүү датасы: 30-сентябрь 2020-ж.
Убактысы: 19.00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. 2020-жылдын 25-сентябрында өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Бостери айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(баяндамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуужана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Жалал-Абад, Ноокат жана өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(баяндамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
3. 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө
(баяндамачы – Уметалиев А.Т., Эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы)
4. 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүү ниети тууралуу коммерциялык эмес уюмдардын билдирүүлөрү жөнүндө
(баяндамачы –Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти)
5. 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого коомдук байкоочуну каттоо жөнүндө
(баяндамачы –Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти)
6. «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоосунда саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү)
7. “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынын ишенимдүү адамын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоосунда саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү)
8. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө
(баяндамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
9. Ар түрдүү маселелер
