БШК “Социал-демократтар” саясий партиясынын тизмесинен 4 талапкерди чыгарды

29 сентября 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 29-сентябрындагы жыйналышында “Социал-демократтар” саясий партиясы тарабынан көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен төмөнкү адамдарды чыгаруу чечимин кабыл алды:

  • Талиева Камилла Абдуразаковнаны;
  • Маматбуваев Бахадир Сайдуллаевичти;
  • Самиева Машхура Шавкатовнаны;
  • Заитов Мамир Моминжановичти.

Чечим Талиева Камилла Абдуразаковнаны, Маматбуваев Бахадир Сайдуллаевичти, Самиева Машхура Шавкатовнаны жана Заитов Мамир Моминжановичти талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө “Социал-демократтар” саясий партиясынын 2020-жылдын 28-сентябрындагы кат жүзүндөгү билдирүүсүнүн  негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алуу менен кабыл алынды.

КР БШК маалымат бөлүмү