БШК “Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы” саясий партиясынын тизмесинен 1 талапкерди чыгарды

29 сентября 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 29-сентябрындагы жыйналышында “Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Насирдинова Зарипахон Авазовнаны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алды.

Чечим “Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы” саясий партиясынын талапкер Насирдинова Зарипахон Авазовнаны тизмеден чыгаруу жөнүндө кириш № 06/2444 кат түрүндөгү билдирүүсүнүн негизинде,  “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесин жетекчиликке алуу менен кабыл алынды.

КР БШК маалымат бөлүмү