Жумушчу топ "Биримдик" саясий партиясынын коомдук үгүт иш-чараларын өткөрүү белгилери менен видеоматериалын карап чыкты

22 сентября 2020

2020-жылдын 20-сентябрындагы отурумунда, шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин жана үгүт иштерин жүргүзүүнүн эрежелерин маалымдоо боюнча Жумушчу топ саясий партиялардын үгүт иштерин жана коомдук иш-чараларды өткөрүүсүн бузгандыгын карады.

Отурумда Жумушчу топ "Биримдик" саясий партиясынан депутаттык каталапкер У. Кочкоровго медициналык кызматкерлер тарабынан Facebook социалдык тармагында жарыяланган үгүт белгилери бар видеоматериалды карады. Карап чыккандан кийин, медициналык кызматкерлерге үгүт жүргүзүүгө тыюу салынбагандыктан, бул маселени кароого укуктук негиз жоктугунан улам жабуу чечими кабыл алынды.

КР БШК маалымат бөлүмү