БШК “Ыйман Нуру” адилеттүүлүк жана өнүгүү саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттады
28 сентября 2020
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 28-сентябрындагы жыйналышында 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо “Ыйман Нуру” адилеттүүлүк жана өнүгүү саясий партиясынан төмөнкү ишенимдүү адамдарды каттоо чечимин кабыл алды.
- Амираев Назар Бакытбековичти;
- Арзибаева Динара Амирбековнаны;
- АшымовДастан Алмазбековичти.
Чечим жарандардын кат түрүндөгү арыздарынын жана “Ыйман Нуру” адилеттүүлүк жана өнүгүү саясий партиясынын 2020-жылдын 25-сентябрындагы сунуштамасынын негизинде, ”Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алуу менен кабыл алынды.
КР БШК маалымат бөлүмү
