БШК "Биримдик" (Единство) Демократиялык партиясы"саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттады
28 сентября 2020
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 28-сентябрындагы отурумунда 2020-жылдын 4-октябрына белгиленген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо "Биримдик" (Единство) Демократиялык партиясы" саясий партиясынын төмөнкү ишенимдүү адамдарын каттоодон өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алды:
- Джумагулов Эмил Сабырбекович,
- Бейшенкулов Руслан Фронтбекович.
Чечим жарандардын жазуу жүзүндөгү арыздарынын жана ""Биримдик" (Единство) Демократиялык партиясы" саясий партиясынын 2020-жылдын 26-сентябрындагы сунуштамасынын негизинде, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алуу менен кабыл алынды.
КР БШК маалымат бөлүмү
