М.М. Ашыров Ак-Бешим айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды
28 сентября 2020
2020-жылы 21-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 2-сентябрындагы №194 токтому менен дайындалган Чүй облусунун Чүй районунун Ак-Бешим айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.
Ак-Бешим айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна жергиликтүү кеңештин депутаттары көрсөткөн 1 талапкер – Ашыров Марс Мидинович катталган.
Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралу 2020-жылдын 21-сентябрындагы протоколу менен Ак-Бешим айылдык кеңешиндеги 11 депутаттын 11 депутаты катышкан добуш берүүнүн жыйынтыгы аныкталды. Добуш берүүдө М.М. Ашыров 10 добуш алган, “бардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 1 добуш берилген.
Чүй аймактык шайлоо комиссиясынан келип түшкөн Чүй облусунун Чүй районунун Ак-Бешим айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралу протоколдордун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, 2020-жылдын 28-сентябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы шайлоо болуп өттү деп, ал эми М.М. Ашыровду Чүй облусунун Чүй районунун Ак-Бешим айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы деп таануу жөнүндө токтом кылды.
Чүй облусунун Чүй районунун Ак-Бешим айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжасы боюнча арыз, даттануулар түшкөн эмес.
КР БШК маалымат бөлүмү
