КР БШК жетекчиси менен Индиянын Кыргызстандагы элчисинин жолугушуусу болду

25 сентября 2020

25-сентябрда КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Н. Шайлдабекова менен Индиянын Кыргыз Республикасындагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Алок Амитабх Димри менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда БШК жетекчиси Кыргызстан менен Индиянын шайлоо комиссияларынын ортосундагы мамилелерди кыргыз тарап жогору баалай тургандыгын белгиледи.

КР БШК төрайымы өз убагында компьютердик жабдуулар менен колдоо көрсөткөндүгү үчүн Индиянын өкмөтүнө терең ыраазычылык билдирди. Жабдуулар шайлоо процессин программалык – техникалык камсыздоону колдоого багытталат.

Эки тарап 2019-жылдын ноябрында Бишкекте өткөн “Конституционализм жана укуктун үстөмдүгү” деп аталган кыргыз – индиялык симпозиумду белгилеп өтүштү. Аталган симпозиумду Боршайком  Индиянын элчилиги менен бирге уюштурган.

Ошондой эле жолугушууда Индиянын Кыргызстандагы элчилигинин жана Индиянын Шайлоо комиссиясынын колдоосу менен, 2020-жылдын февралында Нью-Дели шаарында КР БШК аппаратынын 18 кызматкери Демократияны жана шайлоону башкаруунун эл аралык институтунун (ITEC) “Шайлоону башкаруу потенциалын өстүрүү” программасы боюнча окуп келишкендиги тууралуу да айтылды.

КР БШК маалымат бөлумү