Бостери айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды деп таанылды
25 сентября 2020
25-сентябрда Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Бостери айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.
Шайлоо КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын токтому менен “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР мыйзамынын 6-7-14-18-беренелерине, “Жергиликтүү башкаруу жөнүндө” КР мыйзамынын 49-беренесине, 2017-жылдын 6-январында КР БШКсынын токтому менен бекитилген “Айыл өкмөт башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобого ылайык дайындалган.
Шайлоо саат 9.00дөн 12.00гө чейин санитардык - эпидемиологиялык коопсуздуктун ченемдерин сактоо менен өтту. Эки талапкер А. Жапаров жана К. Сопуев катталган. Добуш берүүгө 21 депутат катышты. А. Жапаров үчүн шайлоого катышкан депутаттын 11 добуш берсе, К. Сопуев үчүн 10 депутат добуш берди. Ысык-Көл районундагы Бостери айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун жыйынтыгына арыздар, даттануулар түшкөн жок. Бостери айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды деп таанылды.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
