БШК: 45 талапкер тизмелерден чыгарылды, партиялардын шайлоо фонддору чогуу алганда жарым миллиард сомдон ашты
24 сентября 2020
Бүгүн – 2020-жылдын 24-сентябрында шайлоону даярдоого жана уюштурууга арналган басма сөз жыйынында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Төрагасы Н. Шайлдабекова саясий партиялардын катталган талапкерлеринин тизмелериндеги өзгөртүүлөр тууралу айтты.
“Шайлоо өнөктүгүнүн процессинде талапкерлердин саны боюнча өзгөрүүлөр болууда. Бардыгы 2 077 талапкер көрсөтүлүп, 2 032 талапкер катталган, 45 талапкер тизмелерден чыгарылды. Конституциялык мыйзамга ылайык тизмелерди Борбордук шайлоо комиссиясына бергенден кийин талапкерлердин чыгып кетүүсүн кошпогондо, талапкерлердин тизмелеринин курамы жана тартиби өзгөртүлүшү мүмкүн эмес. Мында талапкерлердин тизмелеринен чыккандардан кийинкилер мыйзамдардын талаптарына ылайык орун ээлешет.
Катталган талапкерлердин 1 375и – эркектер, 657и – аялдар. 43 талапкер ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар болуп саналат, мында алардын 23ү тизмелердин башындагы “элүүдө” турат”, деди БШК башчысы.
Тизмелерден чыгарылган 45 талапкердин 17ин аялдар түзөт. Партиялар боюнча чыгарылган талапкерлер төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
- “Мекенчил” с/п – 2 талапкер,
- “Ыйман нуру” с/п – 15 талапкер,
- “Мекеним Кыргызстан” с/п – 10 талапкер,
- “Ата Мекен” социалисттик с/п – 2 талапкер,
- “Замандаш” с/п – 1 талапкер,
- “Кыргызстан” с/п – 1 талапкер,
- “Чоң Казат” с/п – 6 талапкер.
Ошондой эле саясий партиялардын каржы отчёттору жөнүндө маалымат берилди. Атап айтканда, 2020-жылдын 24-сентябрына карата саясий партиялардын шайлоо фонддоруна жалпы суммасы 544 979 341 сом өлчөмүндө каражат түштү. Анын ичинде мыйзамдарда белгиленген тартипте түшкөн каражаттар 539 758 405 сомду түздү.
Саясий партиялардын тизмелеринде катталган талапкерлерден баарынан көп каражат түшүп, ал 257 273 127сомду (47%) түздү, жеке жактардын ыктыярдуу кайрымдуулуктарынан баарынан аз каражат – 40 653 516 сом (7,5%) түштү. Саясий партиялардын жеке өздөрүнүн каражаттарынан 208 678 316 сом (38%) суммасындагы каражат түштү. Шайлоо фонддорунан кайтарылып берилген каражаттардын суммасы 6 748 016 сомду (1,2%) түздү.
Шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө байланыштуу чыгымдарды жабууга шайлоо фонддорунун каражаттарынан 514 920 195 сом жумшалды, анын ичинде шайлоо күрөөсүнө 80 000 000 сом (15,5 %) төлөндү.
Шайлоо алдындагы үгүткө баарынан көп каражат – – 381 950 149 сом (74,2 %) жумшалды, анын ичинде:
- телерадио уюмдары аркылуу үгүткө – 152 194 921сом (30%);
- мезгилдүү басылмалардын жана интернет-басылмалардын редакциялары аркылуу үгүткө – 101 124 682 сом (20%);
- укма-көрмө жана башка үгүт материалдарын чыгарууга жана таратууга – 123 695 827 сом (24 %);
- ЖМКда талапкерлердин кулактандырууларын жана сөздөрүн жарыялоого – 60 000 сом (0,01%);
- шайлоо чогулуштарын жана шайлоочулар менен жолугушуу өткөрүүгө – 4 874 733 сом (0,9 %).
Башка чыгымдарды, салык чегерүүлөрүн жана социалдык милдеттенмелерди төлөөгө 2 245 581 сом (0,4 %) жамшалган.
Шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө байланыштуу аткарылган жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр (маалыматтык жана кеңеш алуу мүнөзүндөгү кызмат көрсөтүүлөр, орун-жайларды жана жабдыктарды ижарага алуу, транспорт жана иш сапар чыгымдары, байланыш кызмат көрсөтүүлөрү, кеңсе товарларын жана жабдыктарды сатып алуу) үчүн төлөөгө 53 232 594 сом (3,9%) жамшалган.
Саясий партиялардын шайлоо фонддорунун пайдаланылбаган каражаттарынын калдыгы – 26 853 153 сомду түзөт.
КР БШК маалымат бөлүмү
