БШК "Ыйман Нуру" Адилеттүүлүк жана өнүгүү" саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттады

25 сентября 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 25-сентябрындагы отурумунда 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо “Ыйман Нуру” Адилеттүүлүк жана өнүгүү” саясий партиясынын төмөнкү ишенимдүү адамдарын каттоодон өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алынды:

 

Ф. А. А.

Туулган жылы

  1.  

Исаков Асан Шадыманович

   21.10.1953

  1.  

Аргымбаева Асель Абдыкалыевна

21.12.1974

  1.  

Чымбай уулу Марсбек

06.12.1990

  1.  

Абылкасымов Шамшарбек Алимбекович

20.04.1980

  1.  

Омуралиев Фархад Осмонбекович

04.06.1987

  1.  

Алиев Жоомарт Маматкаримович

11.12.1994

Чечим жарандардын өздөрүнүн ишенимдүү адам болууга макулдугу жөнүндө арыздарынын жана 2020-жылдын 24-сентябрындагы кириш № 06/2351 «Ыйман Нуру» Адилеттүүлүк жана өнүгүү» саясий партиясынын сунуштамасынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерине ылайык кабыл алынды.

КР БШК маалымат бөлүмү