БШК «Замандаш» партиясынын ишенимдүү адамын каттады
25 сентября 2020
2020-жылдын 25-сентябрындагы отурумунда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Каримова Самаргүл Шаирбековнаны 2020-жылдын 4-октябрына белгиленген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо "Замандаш" саясий партиясынын ишенимдүү өкүлү катары каттоону чечти.
Чечим «Замандаш» саясий партиясынын ишенимдүү адамын каттоо жөнүндө Каримова Самаргул Шаирбековнанын өзүнүн ишенимдүү адам болууга макулдугу жөнүндө арызынын жана 2020-жылдын 25-сентябрындагы кириш № 06/2384 «Замандаш» саясий партиясынын сунуштамасынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерине ылайык кабыл алынды.
КР БШК маалымат бөлүмү
