БШК "Республика" саясий партиясынын 4 талапкерин тизмеден чыгарды
25 сентября 2020
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 25-сентябрындагы отурумунда 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо "Республика" саясий партиясы көрсөткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен төмөнкү талапкерлерди чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алды:
- Абдибалиев Арстанбек Абдибалиевич,
- Муратова Жанара Эркинбековна,
- Нурали уулу Алманбет,
- Алиев Самат Шайырбекович.
Чечим "Республика" саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесинен чыгаруу жөнүндө Абдибалиев Арстанбек Абдибалиевичтин, Муратова Жанара Эркинбековнанын, Нурали уулу Алманбеттин жана Алиев Самат Шайырбековичтин жазуу жүзүндөгү билдирүүсүнүн негизинде, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып кабыл алынды.
КР БШК маалымат бөлүмү
