БШК Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизди

25 сентября 2020

2020-жылдын 25-сентябрындагы отурумунда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Баткен облусунун Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечим кабыл алды:

• Мадимаров Калыбай Насирдиновичти “Замандаш” саясий партиясынан, Малабеков Жорготай Жумашевичти “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынан, Акимов Баяманды жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан комиссиянын курамынан чыгаруу;

• резервден комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Доолатбеков Айбек Доолатбековичтин киргизүү.

Чечим Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Ж.Ж. Малабековдун, Б.Акимовдун жана К.Н. Мадимаровдун комиссиянын курамынан чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18, 19, 22-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык кабыл алынды.

КР БШК маалымат бөлүмү