БШК “Ордо” саясий партиясынын ишенимдүү адамын каттады
24 сентября 2020
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 24-сентябрындагы жыйналышында 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоодо Сыдыгалиев Марат Абдыкадыровичти “Ордо” саясий партиясынан төмөнкү ишенимдүү адам катары каттоо чечимин кабыл алды.
Чечим Сыдыгалиев Марат Абдыкадыровичтин кат түрүндөгү арызынын жана “Ордо” саясий партиясынын 2020-жылдын 23-сентябрындагы сунуштамасынын негизинде, ”Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алуу менен кабыл алынды.
КР БШК маалымат бөлүмү
