Кыргызстанда таза жана ачык шайлоону өткөрүүдө Япония жана БУУнун Өнүктүрүү Программасы колдоо көрсөтөт

22 сентября 2020

Бүгүн, 2020-жылдын 22-сентябрь күнү,ушул жылдын 4-октябрында өтө турган парламенттик шайлоону таза жана ачык өткөрүү максатында, Кыргызстандагы БУУнун Өнүктүрүү Программасы шайлоочуларды идентификациялоо үчүн Кыргыз Республикасынын БШКсына биометрикалык жабдыктарды тапшырды. Жабдуулар Япониянын Өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан БУУнун Өнүктүрүү Программасы "Кыргызстандагы шайлоону колдоо 2020-2021" программасынын алкагында берилди.

Жабдууларды өткөрүп берүү аземине КРнын БШКнын төрагасы Нуржан Шайлдабекова, КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиев, БУУнун Өнүктүрүү Программасынын КРдагы туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен, ошондой эле Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сигэки Маэда катышты.

КРнын БШКнын төрагасы Н.Шайлдабекова өз сөзүндө төмөнкүлөрдү белгиледи: “Биз БУУнун Өнүктүрүү Программасына жана Япония Өкмөтүнө Кыргызстандагы шайлоону өткөрүүгө көрсөткөн жардамы жана колдоосу үчүн терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Кыргызстандагы шайлоо процесстеринде МТ(маалыматтык технологиялар) жабдууларын колдонуу өзүнүн натыйжалуулугун 2015-жылдан берки акыркы шайлоо циклинде далилдеди жана ушул жылдын 4-октябрында боло турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо ошондой эле ачык жана акыйкат өтөт деп ишенебиз. БШК өзкезегинде, эл аралык стандарттарга шайкеш келүү үчүн,Кыргызстандагы шайлоо процессин андан ары өркүндөтүп, технологиялык жактан өнүктүрүүгө аракет кылат”.

БУУнун Өнүктүрүү Программасынын КРдагы туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен өз кезегинде төмөнкүлөрдү баса белгиледи: “Таза жана акыйкат шайлоо өткөрүү демократиянын өнүгүшүнүн кепилдигинин бири. 2010-жылдан бери Кыргызстан шайлоо жаатына МT жабдууларын киргизүүнүн аркасында бул багытта бир топ ийгиликтерге жетишти жана ушул ийгиликти дагы да бекемдеп жатат. Ушул мезгилдин ичинде БУУнун Өнүктүрүү Программасы КРнын Өкмөтүнө Кыргыз Республикасында шайлоолорду өткөрүүдө жардам берип келе жатат жана бул жаатта Кыргызстандагы алдыңкы эл аралык донор уюмдардын бири болуп саналат. БУУнун Өнүктүрүү Программасы Кыргызстандагы шайлоолордун таза жана эркин өтүшүнө аракет кылат, жана ошого байланыштуу бул маселе боюнча алдыда да колдоо көрсөтө бермекчи".

Бул жабдуулар БУУнун Өнүктүрүү Программасынын 2015-жылы Кыргызстанга берген шайлоо жабдууларын толуктайт жана мурунку жабдуулардын сынган же эскирген тетиктерин алмаштырат. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) БШКга шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча иш-милдеттерин өткөрүп берүү боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алуу менен, БУУнун Өнүктүрүү Программасынын долбоору МККдан БШКга милдеттерди өткөрүп берүүгө байланыштуу иш-чараларды колдоого багытталган, атап айтканда, БШКнын кызматкерлери үчүн шайлоочулардын тизмесине кеңири киргизүү боюнча окутуу.

БУУнун Өнүктүрүү Программасынын долбоорунун алкагында ошондой эле БШКнын жана МККнын кызматкерлери үчүн жабдууларды колдонуу боюнча окутууларды жана тренингдерди өткөрөт.