БШК “Социал-демократтар” саясий партиясынын тизмесинен 2 талапкерди чыгарды

22 сентября 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 18-сентябрындагы жыйналышында төмөнкү адамдарды “Социал-демократтар” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин катталган тизмесинен чыгарды:

  • Саитова Минавархан Аттакуровнаны;
  • Токомбаев Райымбек Замирбековичти.

Чечим Саитова Минавархан Аттакуровнаны, Токомбаев Райымбек Замирбековичти талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө “Социал-демократтар” саясий партиясынын 2020-жылдын 21-сентябрындагы билдирмесинин негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, кабыл алынды.

КР БШК маалымат бөлүмү