БШК «Бир Бол» Мамлекеттик биримдик жана мекенчилдик» саясий партиясынын ишенимдүү адам каттоо жөнүндө
22 сентября 2020
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 11-сентябрында өткөн жыйынында 2020-жылдын 4-октябрына белгиленген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо «Бир Бол» Мамлекеттик биримдик жана мекенчилдик» саясий партиясынан Чекирбаев Замирбек Сулаймановичти ишенимдүү адамы катары каттоо чечимин кабыл алды.
Чечим «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерине ылайык, Чекирбаев Замирбек Сулаймановичтин жазуу өзүнүн ишенимдүү адам болууга макулдугу жөнүндө жүзүндөгү арызынын «Бир Бол» Мамлекеттик биримдик жана мекенчилдик» саясий партиясынын сунуштамасынын негизинде кабыл алынды.
КР БШК маалымат бөлүмү
