БШК «Кыргызстан» саясий партиясынын тизмесинен 1 талапкерди чыгарды
22 сентября 2020
Бүгүн – 2020-жылдын 22-сентябрында өз жыйналышында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Назаров Айтмамат Кошоевичти “Кыргызстан” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу чечимин кабыл алды.
Чечим Назаров Айтмамат Кошоевичтин 2020-жылдын 22-сентябрындагы кириш № 06/2243 талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө жеке арызынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алуу менен кабыл алынды.
КР БШК маалымат бөлүмү
