БШК үч аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизди

22 сентября 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 22-сентябрындагы жыйналышында төмөнкү аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом кылды.

Чүй облусунун Чүй аймактык шайлоо комиссиясы:

  • “АК” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Келгинбеков Канат Уранович, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Тилекова Айкерим Тилековна комиссиянын курамынан чыгарылсын;
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Кошоев Руслан Алымбекович, Урмат уулу Болот резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

Чүй облусунун Панфилов аймактык шайлоо комиссиясы:

  • “Кыргызстан” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Осмонбаев Усен Жапаркулович комиссиянын курамынан чыгарылсын;
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Кулубаева Жылдыз Садырбековна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

Ысык-Көл облусунун Тоң аймактык шайлоо комиссиясы:

  • “Замандаш” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Курманбаева Анара Жолумбековна, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Мусабаев Умар комиссиянын курамынан чыгарылсын;
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Бейшекеев Аттокур Карабаевич, Байзакова Бурулбүбү Жакшылыковна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

Чечим Чүй, Панфилов жана Тоң аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү А.Т. Тилекованын, К.У. Келгинбековдун, У.Ж. Осмонбаевдин, У. Мусабаевдин, А.Ж. Курманбаеванын комиссиялардын курамынан чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18, 19, 22-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы №176 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык кабыл алынды.

КР БШК маалымат бөлүмү