Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды
22 сентября 2020
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 22-сентябрындагы өз жыйналышында Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгын жана шайлоонун натыйжаларын бекитүү чечимин кабыл алды.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 29-августундагы №189 токтому менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2020-жылы 17-сентябрда болуп өттү.
Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна жергиликтүү кеңештин депутаттары көрсөткөн 2 талапкер – Абдырахманов Уланбек Кадыркулович менен Исмадыров Тельман Абдылдаевич катталган.
Добуш берүүгө Чоң-Сары-Ой айылдык кеңешинин 21 депутатынын 20сы катышкан. У.К. Абдырахманов 12 добуш, Т.А. Исмадыров 8 добуш алган, “баарына каршы” добуш берилген эмес.
Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжалары тууралу 2020-жылдын 17-сентябрындагы протоколу боюнча Абдырахманов Уланбек Кадыркулович Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланганы аныкталган.
Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжасы боюнча арыз, даттануулар түшкөн эмес.
КР БШК чечими Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынан келип түшкөн Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжалары тууралу протоколдун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык кабыл алынган.
Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясына Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берүү тапшырылды.
КР БШК маалымат бөлүмү
