Н.С.Станов Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды
22 сентября 2020
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 22-сентябрындагы жыйналышында Чүй облусунун Сокулук районунун Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгын жана шайлоонун натыйжаларын бекитүү жана шайлоону болуп өттү деп таануу чечимин кабыл алды.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 27-августундагы №179 токтому менен дайындалган Чүй облусунун Сокулук районунун Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2020-жылы 16-сентябрда болуп өттү.
Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна жергиликтүү кеңештин депутаттары көрсөткөн 2 талапкер – Станов Нурадил Сансызбаевич менен Жаманкулов Нурлан Чубакович катталган.
Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралу 2020-жылдын 16-сентябрындагы протоколу менен добуш берүүнүн жыйынтыгы белгиленген, добуш берүүгө Гавриловка айылдык кеңешинин 21 депутатынын 19у катышкан. Добуш берүүдө Н.С. Станов 11 добуш, Н.Ч. Жаманкулов 6 добуш алган, “баарына каршы” позициясы үчүн 1 добуш берилген, 1 бюллетень “жараксыз” деп табылган.
Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжалары тууралу 2020-жылдын 16-сентябрындагы протоколу боюнча Станов Нурадил Сансызбаевич Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланганы аныкталган.
Чүй облусунун Сокулук районунун Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжасы боюнча арыз, даттануулар түшкөн эмес.
КР БШК чечими Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынан келип түшкөн Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжалары тууралу протоколдун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык кабыл алынган.
КР БШК маалымат бөлүмү
