Ананьев айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өтпөй калды деп таанылды
22 сентября 2020
2020-жылы 21-сентябрда Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Ананьев айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өткөрүлдү.
Шайлоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын токтому менен “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобого ылайык дайындалган.
Шайлоо санитардык-эпидемиологиялык бардык чараларды сактоо менен саат 9.00дөн 12.00 чейин өттү.
Добуш берүүгө 15 депутат катышкан.
Катышкан депутаттардын 5и “макул” деп, 10 депутат каршы добуш берген.
Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Ананьев айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжасы боюнча арыз, даттануулар түшкөн эмес.
Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Ананьев айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өтпөй калды деп таанылды.
КР БШК маалымат бөлүмү
