Ак-Бешим айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү

21 сентября 2020

2020-жылдын 21-сентябрында Чүй облусунун Чүй районунун Ак-Бешим айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.

Шайлоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын токтому менен “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобого ылайык дайындалган.

Шайлоо санитардык-эпидемиологиялык бардык чараларды сактоо менен саат 9.00дөн 12.00 чейин өттү.

Добуш берүүгө 11 депутаттын 11и катышкан.

Катышкан депутаттардын 10у – М.М. Ашыровго, 1 депутат каршы добуш берген.

Чүй облусунун Чүй районунун Ак-Бешим айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжасы боюнча арыз, даттануулар түшкөн эмес.

Чүй облусунун Чүй районунун Ак-Бешим айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү деп табылды.

КР БШК маалымат бөлүмү