Боршайком АШКнын мүчөлөрү жана БШКнын кызматкерлери үчүн кибергигиена боюнча тренинг өткөрдү
18 сентября 2020
2020-жылдын 18, 19-сентябрь күндөрү Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы "Жарандык интернет саясат демилгеси" коомдук фонду менен биргеликте аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана Боршайкомдун кызматкерлери үчүн кибергигиена боюнча тренинг өткөрүштү.
Окутуу программасында санариптик дүйнөдөгү коркунучтарга, маалыматтын чыгып кетишине байланыштуу тобокелдиктерге, кибергигиена эрежелерине, ошондой эле киберкылмышкерлер хакерликке колдонуунун негизги ыкмаларына байланыштуу суроолор камтылды.
АШК мүчөлөрүн жана Борбордук шайлоо комиссиясынын кызматкерлерин окутуу "Жарандык интернет саясат демилгеси" коомдук фондунун эксперти тарабынан болуп өттү.
КР БШК маалымат бөлүмү
