Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде убактылуу жашаган же жүргөн Кыргыз Республикасынын шайлоочуларына, коомдук бирикмелерине, ошондой эле КР саясий партияларына Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын кайрылуусу
19 сентября 2020
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоо 2020-жылдын 4-октябрына дайындалгандыгына байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 2, 3-беренелерин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19, 20-беренелерин, “Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде убактылуу жашаган же жүргөн жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыздоо жөнүндө” Жобону жетекчиликке алуу менен,, ошондой эле “Россия Федерациясынын Москва шаарында №9015 шайлоо участогун түзүү жөнүндө” Бишкек АШКнын 2020-жылдын 18-сентябрындагы №20/1 чечиминин негизинде Бишкек АШК Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аркылуу Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде убактылуу жашаган шайлоочулардан, коомдук бирикмелерден, саясий партиялардан талапкелерди жаңы түзүлгөн төмөнкү шайлоо комиссиясынын резервине көрсөтүү жөнүндө жарыялайт:
№ 9015 – Россия, Москва ш. – КР Элчилиги;
Шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлерди көрсөтүү учурунда жарандардын өздөрүнүн макулдугун, ошондой эле шайлоо өнөктүктөрүнө, коомдук турмушка катышуу тажрыйбасын жана кесиптик, жеке сапаттарын алуу керек.
Чет өлкөлөрдөгү шайлоо комиссияларынын курамы Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде жашаган же жүргөн жарандардан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин кызматкерлеринен түзүлүшү мүмкүн.
Чет өлкөлөрдөгү жарандардын жыйынынан шайлоо комиссияларынын курамына талапкерлерди көрсөтүү тууралуу Протоколдор жыйындын төрагасынын жана катчынын колу менен күбөлөндүрүлүүсү зарыл. Протоколго жашаган жерлери көрсөтүлүп, колдору коюлган жыйындын катышуучуларынын тизмеси тиркелиши керек.
Чет өлкөлөрдөгү шайлоо комиссияларынын резервине саясий партиялардан талапкелерди көрсөтүү саясий партиялардын уставдарына ылайык жүргүзүлөт. Бишкек АШКга саясий партиянын жетекчисинин (жыйындын төрагасынын) колу жана мөөр менен күбөлөндүрүлгөн тиешелүү документ берилет.
Жогорку документтерге төмөнкүлөр тиркелет:
чет өлкөлөрдөгү шайлоо комиссиясынын курамында иштөөгө макулдугу боюнча арыз жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин сактоо тууралу милдеттенме;
паспорттун көчүрмөсү;
иштеген жери, окуусу, билими көрсөтүлгөн биографиялык маалыматтар (кадрларды каттоо боюнча өздүк баракча же резюме);
байланыш маалыматтар: жашаган жеринин дареги, телефон номурлары (үйдүкү, электрондук почтасы).
Шайлоо комиссияларынын резервине жарандардын жыйынынан, саясий партиялардан талапкерлерди көрсөтүү боюнча Поротоколдор 2020-жылдын 20-сентябрында саат 18.00 чейин Бишкек АШКда, анын ичинде электрондук түрүндө кабыл алынат.
Сурап-билүү телефондору: +996-312-382-426
Төмөнкү телефондору боюнча: +996-500-382-426 (WhatsApp)
Эл. почта: tikbishkek@gmail.com
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы
