БШК "Ата Мекен” саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттады

18 сентября 2020

2020-жылдын 18-сентябрындагы отурумунда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 4-октябрына белгиленген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо "Ата Мекен" саясий социалисттик партиясынын төмөнкү ишенимдүү адамдарын каттоодон өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алды:

 

Ф. А. А.

Туулган жылы

1.

Сабиров Кайратбек Мамытбекович

23.05.1987

2.

Ян Чин-Юу

09.11.1972

3.

Ханджеза Карим Лемзарович

22.08.1982

4.

Курманбеков Улан Кубанычбекович

24.10.1989

5.

Шайлообек уулу Ырыскелди

06.08.1991

Чечим жарандардын жазуу жүзүндөгү арыздарынын жана "Ата Мекен" саясий социалисттик партиясынын 2020-жылдын 16-сентябрындагы кириш №06/2071 билдирүүсүнүн негизинде, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алуу менен кабыл алынды.

КР БШК маалымат бөлүмү