БШКда Түркиянын парламенттик шайлоону колдоосу талкууланды
18 сентября 2020
2020-жылы 18-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Төрагасы Н. Шайлдабекованын Түркиянын КРдеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Женгиз Камиль Фырат менен жолугушуусу болуп өттү.
Н. Шайлдабекова Кыргыз Республикасынын 2018-2020-жылдарга шайлоолор жөнүндө мыйзамдарын өркүндөтүүнүн Стратегиясында шайлоо процессинде колдонулуучу технологияларды жаңылоо каралганын белгиледи. Стратегияга чаралардын планында шайлоочуларды иденттештирүү үчүн компакттуу түзүлүштөрдү киргизүү каралган.
Учурда шайлоочуларды иденттештирүү үчүн бир нече (5-6) стандарт түзүлүштөн турган комплект пайдаланылат, алардын ар бири иденттештирүүнүн белгилүү бир бөлүгүн (манжалар, бет түзүлүшү боюнча иденттештирүү, паспорттун МРЗ-зоналарын саноо, мониторго чыгаруу) аткарат. Идентификаторлор өзүнө бир нече функцияларды (маалыматтарды чогултуу, ар түрдүү параметрлер боюнча иденттештирүү, чектерди жана жүргүзүлгөн аракеттердин отчётторун жазып чыгаруу) айкалыштыруучу мультифункциялуу түзүлүш болуп саналат.
Жолугушууда Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн, ачык-айкындуулугун жана аныктыгын арттырууга көмөктөшүү максатында шайлоо жабдыгын алуу үчүн КР БШК Төрагасына 100 000$га сертификат берди.
Шайлоону колдоо жаатында БУУӨП долбоорунун алкагында иденттештирүү үчүн колдо болгон жабдууну кошумча комплектилөөгө Германия, Швейцария жана Япония өкмөттөрү тарабынан каражаттар бөлүндү. Ошондой эле БУУӨП 1000 даана мобилдүү идентификатор сатып берүүнү пландоодо. Түркиянын жардамы идентификаторлордун санын көбөйтүү үчүн пайдаланылмакчы.
КР БШК башчысы Түркия Республикасынын колдоосу жана пандемияга карабастан, алдыдагы шайлоого байкоо жүргүзүүгө ниеттенгендиги үчүн ыраазычылыгын билдирди. Кыргызстан менен Түркиянын шайлоо комиссияларынын ортосундагы тыкыс кызматташтыкты белгилеп, Н. Шайлдабекова сөзүн “Түркиянын эл аралык байкоочулары адаттагыдай катышып жатканынан биз колдоону көрүп турабыз”, - деп жыйынтыктады.
КР БШК маалымат бөлүмү
