БШК Бишкек шаарындагы 1 шайлоо участкасынын дарегин өзгөрттү

18 сентября 2020

2020-жылдын 18-сентябрындагы отурумунда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Бишкек шаарынын Биринчи Май районундагы № 1231 шайлоо участкасынын дарегин Профсоюзная көчөсү, 17 дарегиндеги «Жасмин» кафесинин имаратынан Профсоюзная көчөсү, 60 дарегиндеги имаратка өзгөртүү чечимин кабыл алды.

Чечим "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесинин 4-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4-пункттарына ылайык, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын кайрылуусунун негизинде кабыл алынды.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү боюнча шайлоочулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.

КР БШК маалымат бөлүмү