Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү

17 сентября 2020

2020-жылы 17-сентябрда Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.

Шайлоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын токтому менен “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобого ылайык дайындалган.

Шайлоо санитардык-эпидемиологиялык бардык чараларды сактоо менен саат 9-00дөн 12-00 чейин өттү.

Шайлоодо 2 талапкер – У.К. Абдырахманов менен Т.А.Исмадыров катталган.

Добуш берүүгө 21 депутаттын 20сы катышкан.

Катышкан депутаттардын 12си – У.К. Абдырахмановго, 8 депутат Т.А. Исмадыровго добуш беришкен.

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжасы боюнча арыз, даттануулар түшкөн эмес.

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү деп табылды.

КР БШК маалымат бөлүмү