БШК эки талапкерди “Социал-демократтар” саясий партиясынын тизмесинен чыгарды
15 сентября 2020
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 15-сентябрындагы жыйналышында төмөнкү адамдарды “Социал-демократтар” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алды:
- Жунушалиев Рустам Рахмановичти;
- Абдиев Тилек Таштанбековичти.
Чечим Жунушалиев Рустам Рахмановичтин жана Абдиев Тилек Таштанбековичтин 2020-жылдын 9-сентябрындагы талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө кириш №06/1924 жеке арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып кабыл алынды.
КР БШК маалымат бөлүмү
