БШК бир талапкерди “Мекенчил” саясий партиясынын тизмесинен чыгарды
15 сентября 2020
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 15-сентябрдагы жыйналышында Мамытов Бабуржан Маматкаримовичти “Мекенчил” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алды.
Чечим Мамытов Бабуржан Маматкаримовичтин 2020-жылдын 11-сентябрындагы талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө кириш №06/1970 жеке арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып кабыл алынды.
КР БШК маалымат бөлүмү
