Чет өлкөдөгү кыргызстандыктар үчүн: 2020- жылдын 1-январынан 30-декабрына чейин паспортторунун жарактуулук мөөнөтү аяктагандардын мөөнөтү 2020-жылдын 31- декабрына чейин узартылды
15 сентября 2020
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча, Өкмөттүн 2020-жылдын 19-майындагы №256 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын өздүгүн тастыктоочу документтер менен калкты камсыз кылуу маселелери жөнүндө" токтомунун 1-пунктунун 2-пунктчасына ылайык, Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жарандык паспортунун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдагы паспортунун (ID) мөөнөтү аяктаган болсо, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде жашаган же жүргөн жарандар үчүн 2020-жылдын 1-январынан 30-декабрына чейин күчүн жоготкон жарандын паспорттору 2020-жылдын 31-декабрына чейин убактылуу узартылды, Кыргыз Республикасынын жаранынын 16-жашка чейинки паспортун кошпогондо.
Ушул токтомдун 2-пунктунун 2-пунктчасына ылайык, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерде жашаган же жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары, эгерде зарыл болсо, 2020-жылдын 31-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнө же консулдук мекемесине кайрылып, 2020-жылдын 1-январынан 2020-жылдын 30-декабрына чейин аяктаган Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын жарандык паспортунун жарактуулук мөөнөтүн узартуу жөнүндө тиешелүү белгини коюуга болот.
Ушуга байланыштуу, жогоруда аталган паспортторго Кыргыз Республикасынын жаранынын жарактуу паспорту деген статус берилет.
Белгиленген мөөнөттө аяктаган паспорттору бар Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары 2020-жылдын 4-октябрында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш бере алышат.
КР БШК маалымат бөлүмү
