БШКда КМШ өлкөлөрүнөн келген байкоочулардын миссиясы менен жолугушуу өттү

15 сентября 2020

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Н. Шайлдабекова Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин байкоочуларынан турган миссия менен жолугушту. 

Тараптар 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоого байланышкан маселелерди талкуулашты. Боршайкомдун төрайымы шайлоо кампаниясынын жүрүшү, шайлоо органдары тарабынан аткарылып жаткан иш-чаралар, шайлоону өткөрүүгө даярдыктар тууралуу кенен айтып берди. 

Ал эми КМШ өлкөлөрүнөн келген байкоочулар алардын миссиясынын негизги максаты – боло турган шайлоонун улуттук мыйзамдарга шайкеш келишин жана эркин, демократиялуу шайлоо өтүшүнө байкоо жүргүзүү экендигин билдиришти. 
Миссиянын иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Шериктештиктин алкагында кабыл алынган документтерге ылайык жана шайлоо өткөрүүнү уюштуруу боюнча жалпы таанылган эл аралык принциптер менен эл аралык укуктун негизинде жүргүзүлөт. 

2020-жылдын 14-сентябрынан тарта Миссиянын штабы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоого мониторинг жасоого киришти. 

КР БШК Маалыматтык бөлүмү