Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоодо коомдук байкоочуларды каттады
14 сентября 2020
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “Эгль” коомдук фондунан 2020-жылдын 17-августундагы №77 чечими менен катталган коомдук байкоочуну каттоону жокко чыгаруу жана ушул чечим күчүнө кирген учурдан тартып анын №5с күбөлүгүн жараксыз деп таануу чечимин кабыл алды.
КР БШК 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилине “Эгль” коомдук фондунан белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берүү менен төмөнкү коомдук байкоочуларды каттоону чечти:
- Өмүрканова Чолпон Аскербековнаны,
· Медетов Мирлан Кубатовичти.
Чечим “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-1-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 2-июлундагы №139 ПЖ Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 11-июлундагы №226 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо жана референдумда коомдук байкоочулардын каттоо тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, кабыл алынды.
КР БШК маалымат бөлүмү
