БШК бир талапкерди “Ыйман Нуру” адилеттүүлүк жана өнүгүү партиясы” саясий партиясынан катталган талапкерлердин тизмесинен чыгарды

14 сентября 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 14-сентябрындагы жыйналышында Муратбек кызы Айперини “Ыйман Нуру” адилеттүүлүк жана өнүгүү партиясы” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алды.

Чечим Муратбек кызы Айперинин 2020-жылдын 12-сентябрындагы талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө кириш №06/1981 жеке арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып кабыл алынды.

КР БШК маалымат бөлүмү