М.Ж. Жусупбеков Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты болуп калды

14 сентября 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 14-сентябрындагы жыйналышында Жалал-Абад шаардык кеңешиндеги бош депутаттык мандатты шайланган депутаттардан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин бекитти.

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан бош депутаттык мандатты саясий партиядан (“Ата-Журт” деп.фракциясы) катталган талапкерлердин тизмесинен шайланган депутаттардан кийинки талапкер Жусупбеков Максатбек Жаныбековичке (№8) өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алынган.

БШК чечими  “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык кабыл алынды.

КР БШК маалымат бөлүмү