Жайыл жана Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине өзгөртүүлөр киргизилди

14 сентября 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 14-сентябрдагы жыйналышында Чүй облусунун Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом кылды:

  • “Замандаш” саясий партиясынан Абдылдаев Талгат Кылычбекович, “НУР” саясий партиясынан Дуйшенбаев Мурашынбек Курманкулович, “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынан Айдарканов Багдад Жумшатбекович, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Жумадилдеева Назгуль Жумадилдеевна комиссиянын курамынан чыгарылсын;
  •  жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Сатаев Нуридин Асанбекович, Токсобаева Зульфия Чолпонкуловна, Кененсариева Гульназ Бекболотовна, Урмолдоева Гульнара Барыктабасовна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

БШК Чүй облусунун Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом кылды:

  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Фаст Екатерина Петровна, Жаныш кызы Назира, Өмуралиев Эрлан Картаңбекович, Жыргалбаев Нурбек Усенкулович, “Калыс” саясий партиясынан Айдралиева Айжан Камчыбековна, “Биримдик” саясий партиясынан Ногоев Нурмат Болотханович комиссиянын курамынан чыгарылсын;
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Аблаев Бектен Турсуналиевич, Касымалиев Ыса Мырзабекович, Жумагулова Светлана Өскуловна, Ранат уулу Мирбек, “Народная” саясий партиясынан Адылов Самат Муратович, “Ак-Шумкар” саясий партиясынан Камбарова Динара Мурадовна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

Чечим Жайыл жана Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн арыздарынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комисиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18, 19, 22-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы №176 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобого ылайык кабыл алынды.

КР БШК маалымат бөлүмү