БШК сегиз шайлоо участкасынын дарегин өзгөрттү
14 сентября 2020
2020-жылдын 14-сентябрындагы отурумунда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Чүй облусунун Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоо участкаларынын төмөнкү даректерин өзгөртүү боюнча чечим кабыл алды:
- Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Туз айыл аймагынын № 7132 шайлоо участогунун дареги: Осмонов көчөсүндөгү маданият үйүнүн имаратынан, А.Айталиев атындагы Туз орто мектебинин имаратына;
- Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Логвиненко айыл аймагынын № 7142 шайлоо участогунун дареги: Логвиненко айыл өкмөтүнүн имаратынан Кирпичная көчөсү, 2 дарегиндеги "Алтын Балалык" бала бакчасынын имаратына;
- Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ысык-Ата айыл аймагынын № 7136 шайлоо участогунун дареги: Жакишев көчөсүндөгү Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн имаратынан Тайкашкаев көчөсү, 27 дарегиндеги О.Бөлөбалаев атындагы орто мектебинин имаратына;
- Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Ак-Чий айыл аймагынын № 3100 шайлоо участогунун дареги: Ленин көчөсүндөгү клубдун имаратынан Ленин көчөсүндөгү Качыбек атындагы орто мектебинин имаратына;
- Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кереге-Таш айыл аймагынын № 3112 шайлоо участогунун дареги: Өмүралы көчөсүндөгү клубдун имаратынан Асанбай көчөсүндөгү Алышпаев атындагы орто мектебинин имаратына;
- Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Боз-Учук айыл аймагынын № 3106 шайлоо участогунун дареги: Ленин көчөсүндөгү М.Жусупов атындагы орто мектебинин имаратынан Арык-Мырза көчөсүндөгү клубдун имаратына;
- Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Ак-Булуң айыл аймагынын № 3104 шайлоо участогунун дареги: Ак-Булуң айыл өкмөтүнүн имаратынан Ажын шоссесинин боюндагы Туманов атындагы орто мектебинин имаратына;
- Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кара-Жал айыл аймагынын № 3128 шайлоо участогунун дареги: Рахмат көчөсүндөгү Эшимбеков атындагы орто мектебинин имаратынан Рахмат көчөсүндөгү Кара-Жал айыл өкмөтүнүн имаратына.
Чечим "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесинин 4-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4-пункттарына ылайык, Чүй облусунун Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоо участкаларынын айрым даректерин өзгөртүү боюнча кайрылууларынын негизинде кабыл алынды.
КР БШК маалымат бөлүмү
