БШК Орок айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо күнүн белгиледи
14 сентября 2020
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 14-сентябрындагы отурумунда Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындады.
Шайлоо 2020-жылдын 2-октябрында саат 9:00дон 12:00го чейин өтөт. Чүй облусунун Сокулук районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2020-жылдын 4-сентябрындагы № 337-р буйругу менен Орок айыл өкмөтүнүн башчысы Чоодуев Уран Казымбекович каза болгондугуна байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулган.
Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоону дайындоо жөнүндө чечимди "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз
Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо тартиби жөнүндө" Жобосуна ылайык кабыл алды.
Сокулук аймактык шайлоо комиссиясына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруу, ошондой эле
санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо (1,5-2 метр аралыкты сактоону камсыз кылуу жана көзөмөлдөө, бир жолу колдонулуучу бет каптарды колдонуу, дезинфекциялоочу, спирт камтыган антисептик менен колду тазалоо) тапшырылды.
КР БШК маалымат бөлүмү
