2020–ж. 14-сентябрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
13 сентября 2020
Өткөрүү датасы: 14 сентябрь 2020-ж.
Убактысы: 15:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы).
2. Чүй облусунун Ысык-Ата, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын аймагындагы кээ бир шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы).
3. Жайыл жана Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы).
4. Жалал-Абад шаардык кеңешиндеги бош калган депутаттык мандатты шайланган депутаттардан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин бекитүү тууралуу
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы).
5. «Ата Мекен» саясий Социалисттик партиясынын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоосунда саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү)
6. «Мекенчил» саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоосунда саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү)
7. «Биримдик» (Единство) демократиялык партиясы» саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоосунда саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү)
8.«Ыйман Нуру» Адилеттүүлүк жана өнүгүү саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин катталган тизмесинен талапкерди чыгаруу жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоосунда саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү)
9. 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого коомдук байкоочуларды каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти)
10. С.У. Абдрахмановдун арызы жөнүндө
(баяндамачы – Уметалиев К.К., Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъектилеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун мүчөсү )
11. Д. Джусуповдун кайрылуусу жөнүндө
(баяндамачы – Уметалиев К.К., Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъектилеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун мүчөсү )
12. Ар түрдүү маселелер
