Борбордук шайлоо комиссиясында ДМЧ шайлоочулардын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча чаралар талкууланды

12 сентября 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Кыргыз Республикасынын ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашырууну өркүндөтүү боюнча Жумушчу тобунун жыйналышында 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын (ДМЧШ) шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча чаралар каралды.

“Саясий партияларга карата жалпы нускасынын 1%ынан аз эмес саны ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулар үчүн окуганга ыңгайлуу чоңойтулган арипте, сурдокотормону же субтитрди колдонуу, ошондой эле Брайль арибин же атайын каражаттарды колдонуу менен басылып чыккан үгүт материалдарын жарыялоо жана таркатуу талабы алдыдагы парламенттик шайлоонун жаңылыгы болуп саналат.

Мындан тышкары, парламенттик шайлоону даярдоо алкагында тиешелүү УШКлар жана АШКлар социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен бирдикте ар бир шайлоо участогу боюнча ДМЧШлардын муктаждык картасын түзүп, ага ар бир шайлоочунун жеке муктаждыктары (пандус, лупа ж.б.) жана добуш берүү үчүн жайдын жеткиликтүүлүгүн баалоо киргизилди“, - деп белгиледи КР БШК Төрагасы Н. Шайлдабекова. 

БШК ДМЧШлардын муктаждыктарын эске алуу менен добуш берүү үчүн жайларга карата төмөнкүдөй атайын талаптарды иштеп чыкканы айтылды:

  • столдор, добуш берүүчү кабиналар жана урналар, ошондой эле маалыматтык такталар кресло пайдалануучу же өз алдынча кыйынчылык менен кыймылдаган шайлоочуларга жеткиликтүүлүк камсыздалгандай жайгаштырылышы керек (бийиктиги, туурасы, жайгашуусунун узатасы жана орду боюнча);
  • добуш берүүчү бир кабина бийиктиги полдун деңгээлинен 75 смден кем эмес бийиктикте, туурасы 40 смден кем эмес жана узатасы 30 смден кем эмес бюллетень толтуруучу орун (столчо, такта, буюм койгуч ж.б.) менен жабдылышы керек;
  • добуш берүү үчүн жайларда (бери дегенде добуш берүү үчүн бир кабинада) чоңойтуп көрсөтүүчү айнекти (лупа) жана/же Брайль трафаретин жайгаштыруу керек, кошумча жарык берүү, стулдар дагы каралышы абзел;
  • добуш берүү үчүн урналар (АЭУ) добуш берүү үчүн жайда турган адамдар бюллетендеги белгилерди көрбөгөндөй болуп, добуш берүү үчүн атайын жабдылган кабинадан бир жарым метрден ашык эмес аралыкта жайгаштырылышы керек.

Жыйналышта айтылгандай, КР БШК иштеп чыккан жана ишке ашырып жаткан 2018-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү Стратегиясында шайлоонун инклюзивдүүлүгүн жакшыртуунун маанилүү өңүтү катары добуш берүү үчүн шайлоо участокторунун жеткиликтүүлүгүнөн, ДМЧ шайлоочуларды эсепке алуудан баштап, ДМЧШларга атайын форматта маалымдоо жана аларды үгүттөө боюнча чараларды кошо алганда ДМЧШлардын шайлоо укуктарын комплекстүү камсыздоо белгиленген. Стратегияда жайлардын жеткиликтүүлүгү, маалымдоо стандарттары ж.б. тууралу конкреттүү ченемдик жазма буйруктар белгиленген. Учурда Стратегияда каралган КР шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча бардык иш-чаралар (ДМЧШларга тийиштүү) толук аткарылды.

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматтары боюнча бүгүнкү күндө 72 583 ДМЧШ майыптыгы боюнча жөлөкпул алуучу болуп саналат. Социалдык өнүктүрүүнүн алты мекемесинде 342 ДМЧШ бар.

КР БШК маалымат бөлүмү