БШК "Реформа" саясий партиясынын ишенимдүү адамын каттады
11 сентября 2020
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 11-сентябрында өткөн жыйынында 2020-жылдын 4-октябрына белгиленген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо "Реформа" саясий партиясынан Бөрүбаев Болот Давлетбековичти ишенимдүү адамы катары каттоо чечимин кабыл алды.
Чечим "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Бөрүбаев Болот Давлетбековичтин жазуу жүзүндөгү арызынын жана "Реформа" саясий партиясынын сунушунун негизинде кабыл алынды.
КР БШК маалымат бөлүмү
