"Ыйман Нуру" Адилеттүүлүк жана өнүгүү саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесинен бир талапкер чыгарылды
11 сентября 2020
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында "Ыйман Нуру" саясий партиясы тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесинен чыгуу жөнүндө арызынын негизинде Абдрасулов Мухаммед Жеңишбаевичти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу чечими кабыл алынды.
Чечим "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесине, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине ылайык, Абдрасулов Мухаммед Жеңишбаевичтин 2020-жылдын 9-сентябрындагы кир.№ 06/1917 талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө жеке арызынын негизинде кабыл алынды.
КР БШК маалымат бөлүмү
