БШК Араван АШКнын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизди
11 сентября 2020
Бүгүн, 2020-жылдын 11-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Ош облусунун Араван аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом кабыл алды:
- комиссиянын курамынан Жарматов Элдарбек Искандаровичти ("Ата Мекен" саясий партиясынан) чыгаруу;
- резервден комиссиянын курамына Токтосунов Төрөбек Гуломжоновичти (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизүү.
Чечим Араван аймактык шайлоо комиссиясынын "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18, 19, 22-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы № 375 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык берген сунушунун негизинде кабыл алынды.
КР БШК маалымат бөлүмү
