БШК Ош шаарындагы үч шайлоо участогунун дарегин өзгөрттү

11 сентября 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 11-сентябрындагы отурумунда Ош шаарындагы төмөнкү шайлоо участкаларынын даректерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом кабыл алды:

• № 5311 шайлоо участогу Зайнабетдинов көчөсүндөгү № 2 Үй-бүлөлүк медицина борборунун имаратынан Ж. Райымбеков көчөсү, 106а дарегиндеги “Мол Булак” бала бакчасынын имаратына көчүрүү;

• № 5908 кошумча шайлоо участогу Мамыров көчөсү, 88а дарегиндеги "Асан-Үсөн" жеке ишканасынын имаратынан Мамыров көчөсү, 97 дарегиндеги "Аяна" жеке ишканасынын имаратына көчүрүү;

• № 5910 кошумча шайлоо участогу Ж. Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин "Черемушки" кичи районундагы Моминов көчөсү, 148а дарегиндеги имаратынан "Черемушки" кичи районундагы Моминов көчөсү, 181 дарегиндеги "Кыргызстан" кинотеатрынын имаратына көчүрүү.

Чечим Ош аймактык шайлоо комиссиясынын "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, Ош шаарындагы № 5311, № 5908, № 5910 шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү боюнча кайрылуусунун, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4-пункттарынын негизинде кабыл алынды.

Ош аймактык шайлоо комиссиясына Ош шаардык мэриясы менен биргеликте шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү боюнча шайлоочулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.

 

КР БШК маалымат бөлүмү